Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Биз эки тараптуу соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткиребиз. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелерди түзүү үчүн эң жакшы учур экенин белгилеп, Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапары алаканы чыңдоого жол ачканын айтты.
“Ал жакта биз көптөгөн демилгелерди сунуштап жана талкууладык. Мисалы, биздин студенттерибиз Кыргызстандын медициналык жана фармацевтикалык индустрияда окуп жаткандыгы боюнча жана көптөгөн өндүрүш тармактарында көрө турган демилгелерди талкууладык.
Эми ал талкууларды практикалык нукка өткөрүүгө, көптөгөн келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашырууга убакыт келди. Биз эки тараптуу соода жүгүртүүнү 200 миллион долларга жеткиребиз деп убада кылдык”, - деди ал.
Ошондой эле Мухаммад Шахбаз Шариф Пакистан Кыргызстан менен транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө жана аны бекемдөөгө маани берерин айтты.
“Пакистан Кыргызстанга жолдорду, портторду ачуу боюнча өз сунуштарын берди. Менин оюмча, ушул жаатта биргелешип иштешип, демилгелерди ишке ашыруубуз керек. Бул нерсе бизге Кытай, Өзбекстан аркылуу жаңы маршруттарды ачууга жардам берет. Биринчи жүк жөнөтүүнү өткөрдүк, ал Пакистанга ийгиликтүү түрдө жетти. Бул жаатта иштерди дагы да күчөтүгүбүз зарыл”, - деп белгиледи Пакистандын премьер-министри.