Шашылыш билдирүү. Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Коом 7 март 2025 14:38
Шашылыш билдирүү. Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ тургундарга жана айдоочуларга коопсуздуктун алдын алып, сак болууну эскертет.