Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 29 Январь 2025
2125452.190ff009caaaf469484a43a8e8126b00.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нурия Кутнаева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.