Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Ош облусундагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерин “Саламат жүрөк” ЧекАп модулу боюнча акысыз текшерүүдөн өткөрүү иш-чарасы башталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана эрте аныктоону күчөтүү максатында Ош облусу боюнча саламаттык сактоонун координатору менен биргеликте уюштурулду.
Текшерүү учурунда кан басымды өлчөө, салмак-бойду аныктоо, кандагы канттын деңгээлин жана жүрөктү электрокардиаграмма аркылуу текшерүү менен тажрыйбалуу адистерден кеңештер берилип, туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү күчөтүү жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Саламат жүрөк” улуттук программасынын иш-чарасы 23-сентябрга чейин бир катар мекеме-ишканаларда улантылат.