Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Акыркы кыска мезгилдин ичинде Кыргыз-Пакистан мамилелери болуп көрбөгөндөй динамикага ээ болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен бирге ЖМКлар үчүн билдирүү жасаганда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Пакистанга жасаган расмий сапарынан кийин үстүбүздөгү жылдын июль айында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанда расмий сапары менен келген. Ал эми бүгүн премьер-министр Мухаммад Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу болду.
Президент жогорку деңгээлдеги байланыштардын мындай интенсивдүүлүгү өз ара ишенимдин жана кыргыз-пакистан мамилелерин сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулуунун айкын далили болуп саналарын айтты.
“Бүгүнкү күндө эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташууну бекемдөө өзгөчө мааниге ээ”, - деди өлкө башчысы.