Коомду бөлүп-жарууга эч кимдин укугу жок — президент

Президент 9 сентябрь 2026 12:10
Коомду бөлүп-жарууга эч кимдин укугу жок — президент
copyright icon Www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Президент Жогорку Кеңештин жаңы сессиясынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, коомдогу талкууларда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Ал жер, тил, экономика, социалдык маселелер, тарых, маданият жана башка курч темалар боюнча ар кандай көз караштардын болушу коомдук турмуштун табигый көрүнүшү экенин белгиледи.

"Бирок пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок.

Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпашы керек.

Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек.

"Кой аксагы менен миң" дейбиз. "Котур ташын койнуна катып алып", жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли.

Интернетке жалган пикир жазып, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды ошол акылын, убактысын, күч-кубатын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшоого чакырар элем.

Популисттик, демагогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек", — деди мамлекет башчысы.

Президент андан сырткары, мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу негиздүү жана далилдүү фактыларды коомчулукка чыгарууга чакырды.

"Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм. Сиздерге рахмат гана айтам.

Ал эми мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болгон көрүнүштөргө, анын ичинде коррупцияга аралашкан адамдарга карата катуу чаралар көрүлөт. Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз.

Ошондой эле демократия деген атка жамынып алып, жоопкерчиликтен мурун ээн ооздукка, ээн баштыкка баргандын өзү жапайы көрүнүш.

Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин баштарынан сылабайбыз.

Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айтам", — деди президент.

Мамлекет башчысы коомдук пикирди жаратуучу топторду биргелешип, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерди жана жакшы иштерди колдоого чакырып өттү.