Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү аркылуу кызматкерлердин тең салмактуулугуна жетишүү болуп саналат.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
1) КР Эмгек кодексин расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизүү;
2) “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:
– 1-беренени иш берүүчүлөрдүн бирикмеси түшүнүгүн белгилеген абзац менен толуктоо, ага ылайык иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм деп аныкталат;
– 141 (иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү), 142 (кызматкерлердин өкүлдөрү), 143 (кызматкерлердин башка өкүлдөрү), 144 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары), 145 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери), 146 (кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери), 221 (жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби) – беренелери менен толуктоо;
– 18-беренени жаңы редакцияда баяндоо, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби аныкталат;
3) “Жамааттык келишимдер жөнүндө” КР мыйзамына редакциялык (тактоо) мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамынын 28-беренесин жаңы редакцияда баяндоо, анда майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо тартиби аныкталат;
5) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштурууда жумуш орундарын квоталоо өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусуз ишке ашырылат.