Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Сеул шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитине катышууда.
Иш-чаранын алдында саммитке катышкан мамлекет башчыларын Кореянын президенти Ли Чжэ Мён тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары иш-чарага катышуу үчүн залга киришти.