Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине барды.
Салтанаттуу ачылыш Харбин шаарындагы эл аралык көргөзмө борборунда өттү. Ага Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар да катышты.
IX Азия Кышкы оюндарынын ачылыш аземинде Харбинди, Кытайды жана бүтүндөй Азияны камтыган символикалык саякат көрсөтүлдү. Программа кыш мезгилинин терең маданий маанисин чагылдырган "Жалындаган муз жана кар" сегменти менен башталды. Андан кийинки "Кыймылдагы ышкыбоздук" бөлүгү кышкы спорттун динамикасын жана өзүнө тарткан укмуштуудай духун ачып берет. Салтанат Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү бириктирип турган бекем байланыштарга арналган таасирдүү арноо - “Түбөлүк достук” менен жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун алты түрү: хоккей, керлинг, слалом, лыжа жарышы, биатлон жана көркөм муз тебүү боюнча 40 спортчу бар.
IX Кышкы Азия оюндары 7-февралдан 14-февралга чейин Харбинде өтөт. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышат.