Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) Россиянын курама командасына 2026-жылкы дүйнө чемпионатына катышууга уруксат берген жок. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.
Агенттиктин маалыматына ылайык, чемпионатка уруксат бербөө үчүн аргументтердин бири Россиянын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларынын коопсуздугу болгон.
IIHF чечими менен 2022-жылдын февраль айынан тарта Россия жана Беларусь командалары эл аралык мелдештерге катышпайт.
Буга байланыштуу курама командалар буга чейин үч дүйнөлүк чемпионатка катышпай калган, ошондой эле 2025-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка да катышпайт.