Россиядан эки оор жүк ташуучу унааны ижарага алып, Кыргызстанга келип сатып жиберген. Шектүү кармалды

Коом Загрузка... 27 Февраль 2025 10:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Россиядан кымбат таалуу 2 оор жүк ташуучу унааны ижарага алып, Кыргызстанга келип сатып жиберген шектүү кармалды.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 18-февралда "Сбербанк Лизинг" АКнун өкүлүнүн кызыкчылыгын жактаган ишеним кат боюнча иштеген Б.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Р.А. аттуу жаран 2023-жылдын 28-сентябрында "ИД5 ТКЖО" маркасындагы наркы 109 миң АКШ доллар турган эки самосвалды ижара (лизинг) келишими аркылуу алып, Кыргызстанга алып кеткени айтылган.

Ал эми ижара (лизинг) келишимине ылайык 2024-жылдын 16-январынан кечиктирилбестен Россияга самосвалдарды кайра алып келиши керек болчу.

Бирок, Р.А. аттуу жаран 2024-жылдын июлунда Кыргызстандын Чүй облусунун аймагында жүрүп, самосвалдарда орнотулган автономдуу ыкчам-издөө маяктарын өчүрүп, аларды төмөндөтүлгөн баа боюнча ар бир самосвалды 45 миң АКШ долларына сатып жиберген. Мындан улам "Сбербанк Лизинг" АКна ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Бул факт Чүй облустук ички иштер башкармалыгында катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүү 1982-жылы туулган Р.А. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан сатылган самосвалдар алынып, буюм далили катары табылып, адистештирилген унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.