Бишкекте аялдын 650 миң сомун алып, изин жашырып кеткен шектүү кармалды

Коом Загрузка... 11 Март 2025 14:00
483438639_180605936.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, Э аттуу аял киши 650 миң 500 сомун алып, акчаңды көбөйтүп берем деп алдап, ай сайын 100 000 сомдон берип турмай болгон.

Бирок акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1981-жылы туулган Р.Э. аттуу жаран ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн Москва райондук сотунун чечими менен камакта болгону аныкталган.

Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата камакка алуу жана №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Мындан тышкары, анын ушул сыяктуу дагы бир кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.