Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Акыркы маалымат боюнча Россия Федерациясында 1 миң 370 Кыргызстандын жараны соттолгон. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бардыгы болуп 1 миң 649 биздин жарандар 21 мамлекетте соттолгон.
“Маалыматка кененирээк токтолсок, ошол соттолгон адамдын өзүнүн же жакын адамдарынын макулдугу болгон кезде КР Башкы прокуратурасына келип же онлайн түрүндө арыз менен кайрылат. Калган процедуралардын бардыгын прокуратура органдары тарабынан өзүбүз жүргүзөбүз. Которуп келүү, которуу бардыгы бекер. Башкы прокуратура өзү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп өткөрөт”, - деди Үмүткан Конкубаева.
Белгилей кетсек, башка өлкөлөрдө соттолгон жарандарды өлкөгө которуу иштери алдыга жылып, 1 миң 649 биздин жаран чет жерде соттолгон болсо, 2024-жылы алардын 129 жараны которулган. Бул 129 жарандын 117 жараны Россиядан, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 жаран которулуп келген. Дагы 70 жаранды этабы менен которуп келүү иштери жүргүзүлүүдө. Аларга макулдук келген, этаптарды күтүп жатышат.
Жарандарды экстрадициялоо эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргөндүктөн көп убакытты талап кыларын Үмүткан Конкубаева маалымдады.
“Азыр бул убакытты кыскартууга болушунча аракет кылып жатабыз. Россия Федерациясы менен толук сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Башкы прокурор бир нече жолу Россияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Ал тараптан эч каршылык жок. Соттолгон башка жарандарыбызды да Кыргызстанга экстрадициялап алып келебиз,”, - деди ал.