Россияда инновациялык дарыларды иштеп чыгуу борбору түзүлдү

Дүйнө Загрузка... 04 Февраль 2025 16:55
WhatsApp Image 2025-02-04 at 13.32.02.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Россияда матрицалык рибонуклеиндик кислота (мРНК) технологияларын иштеп чыгуу боюнча илимий-технологиялык борбор түзүлдү.

Борбордун базасында инновациялык дары-дармектерди чыгаруу пландаштырылууда. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин кол койгон. Борбор юридикалык жакты түзбөстөн консорциум түрүндө иш алып барат. Ага 17 илимий уюм кирет.

“Борбор оор ооруларды дарылоо жана алдын алуу үчүн мРНК технологияларынын негизинде инновациялык дары-дармектерди иштеп чыгууну жана өндүрүү боюнча багыттын комплекстүү өнүгүүсүн камсыз кылат”,-деп белгилеген Мишустин.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн резервдик фондунан мРНКнын негизинде инновациялык дары-дармектердин өндүрүшүн түзүү үчүн жабдууларды сатып алууга болжол менен 600 млн рубль бөлүнгөн.