Жапаров жана Шариф "Ала-Арчада" этномаданий программа менен таанышты

Президент 2 сентябрь 2026 14:45
790993678_2258445951606292_2337196836726520169_n.jpg
791849401_1072162375171223_411026445630845442_n.jpg
790147100_1993411988038997_8456287476185767354_n.jpg
790684559_1400941508830599_3319259580639060449_n.jpg
790225909_1619731026254122_7885234597555170437_n.jpg
789749359_1055317557501902_1757854467758201264_n.jpg
791078255_1985829718788306_7209250624521881244_n.jpg
791996345_2984129858607644_200899052309784123_n.jpg
790301893_1740773753892665_1412916604791500517_n.jpg
790444383_1775725263559756_6426621369175478514_n.jpg
792237097_1011522275266683_4453339562189165813_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүн, 2-сентябрда улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты.

Делегация башчылары орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган "Кыргыз айылы" көргөзмө комплекси уюштурулган "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.

Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийимчен баатырлар жана улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты.

Пакистан делегациясына кыргыздын салттуу тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, анын ичинде килем, шырдактар, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылыч жана айбалталарды жасоо өнөрү көрсөтүлдү.

"Кайбар" элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классиканын чыгармаларын аткарып беришти.

Чет өлкөлүк меймандарга ошондой эле алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды.