Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Реновация программасын киргизүү Бишкектеги жер тилкелерине жана батирлерге болгон баалардын өсүшүн токтотот. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги "Мекенчил" фракциясынын жыйынында Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бош жер тилкелердин калбай калышы курч маселе болууда.
Орунтаев билдиргендей, бүгүнкү күндө панель менен курулган үйлөрдүн баасы кв. м үчүн 600 доллар, каркастуу үйлөрдүн баасы 900 доллардан 1100 долларга чейин. Ал эми даяр үйдүн базар баасы 1500 доллардан башталат.
Ошол эле учурда Бишкекте бир объект бар, анын 1 чарчы метри 4 миң доллар турат, ал эми котловандан же башкача айтканда азырынча жок үйдүн баасы 1200-1300 долларды түзөт, - деди Мамкурулуш башчысы.
Ал эски үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдүн курууну шарттаган реновация программасы батирлердин жана жер тилкелеринин баасынын кымбатташын токтотушу мүмкүн экенин белгиледи. Мындай учурда жер бекер болуп калат.
Реновация шаардын көрүнүшүн жана шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу менен эки көйгөйдү чечет, - деп белгиледи Нурлан Орунтаев.