Президенттин администрациясында спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

Министрлер кабинети Загрузка... 31 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү ведомстволордун жана спорттук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөдө кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү.  

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Кытайлын Харбин шаарында өтө турган IX кышкы Азия оюндарына катышуу үчүн улуттук курама команданы даярдоо, ошондой эле кышкы спортту, туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо үчүн стратегиялык багыттар талкууланды.   

Өзгөчө лыжа базаларына жакын жайгашкан калктуу конуштардагы мектептердин дене тарбия программаларына тоо лыжасын киргизүү зарылдыгына көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектептеринде тоо лыжасы жана кышкы спорттун башка түрлөрү боюнча атайын бир катар атайын секцияларды түзүү чечими кабыл алынды.   

Минкаб төрагасынын орун басары Кыргызстанда лыжа базаларын, сноуборд жана альпинизмди өнүктүрүү үчүн уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин айтып, бул багытта президент Садыр Жапаровдун “Үч чоку” сыяктуу жаңы лыжа базаларын куруу демилгесин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ал иш спортчуларды, туристтерди жана жаштарды тартуу борборуна айланышы керектигин белгиледи.   

“Спорттун кышкы түрлөрү менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүү жаштар арасында активдүү эс алууну жайылтууга, спорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана спортчулардын жаңы муунун тарбиялоого өбөлгө түзөт. Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү экономикага гана эмес, Кыргызстандын меймандос жана заманбап өлкө катары эл аралык аренада таанылышына оң таасирин тийгизет деп ишенем”, – деди Эдил Байсалов.  

Мындан тышкары, спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыгуу тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырылды, анда профессионалдык жана массалык спортту колдоо, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, машыктыруучуларды даярдоо, кышкы туризм тармагына инвестиция тартуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгышы керек.