Президенттин администрациясында пайдалуу кендерди иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Министрлер кабинети 2892 28 Март 2025 17:12
67e654f511dfe.jpg
67e654f512af1.jpg
Алдыга
Артка
67e654f511dfe.jpg
67e654f512af1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы
Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын пайдалуу кендерин иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыйын өттү.

Жыйында өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул багыттагы иштердин негизги багыттары жана артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

"Пайдалуу кендер – бул технологиялык жана экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарына глобалдык өтүү, санариптик трансформация жана жогорку технологияларды өнүктүрүү доорунда Кыргызстан өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек", – деп белгиледи минКаб төрагасы.

Жыйындын жүрүшүндө тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган чечимдер талкууланып, кабыл алынды.