Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент 11 сентябрь 2026 16:30
798035259_1670302585104369_950756785100205539_n.jpg
796866832_1670302918437669_6290918094356864859_n.jpg
798077710_1670302858437675_3151999620741855837_n.jpg
798984170_1670302811771013_1055960915787670515_n.jpg
799681207_1670302728437688_5501110643562748834_n.jpg
800051312_1670302771771017_7785838478461954776_n.jpg
800924674_1670302581771036_7065473382369684208_n.jpg
801667637_1670302668437694_3075953717712584974_n.jpg
801807128_1670302661771028_7304451190888580420_n.jpg
801807477_1670302758437685_1746486473002730208_n.jpg
802070268_1670302735104354_4275018786688726778_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 000 ашуун орунга ылайыкталганы айтылды.

Объекттин ишке кириши менен аймактагы спорт инфраструктурасынын сапаты кескин жогорулап, футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгуулар жана мелдештерди, ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап жана коопсуз база түзүлөт.

Мамлекет башчысы аймактарда спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү улуттун ден соолугун чыңдоого жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан туура тарбиялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин айтты.

Объект менен таанышуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров стадиондун облус тургундары үчүн социалдык мааниси жогору экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал аткарылып жаткан бардык иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана спорт комплексин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.