Президент "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратын ачты

Президент 3122 24 Март 2025 16:06
486493637_1183839617084004_19614454226513449_n.jpg
486597279_1183839540417345_3777290686303780528_n.jpg
486226185_1183839720417327_980499302258458839_n.jpg
486243485_1183839677083998_2419759472223723571_n.jpg
486249650_1183839923750640_2459349807559300902_n.jpg
486299037_1183839700417329_4139628504383885715_n.jpg
486309646_1183839563750676_1488719749757579656_n.jpg
486320756_1183839790417320_4147548771050350513_n.jpg
486390723_1183839977083968_4608512349613751537_n.jpg
486498735_1183839850417314_1899654305885700268_n.jpg
486531242_1183839950417304_582477235673154418_n.jpg
486538143_1183839807083985_6981792877395454274_n.jpg
486543291_1183839580417341_2424124120084752808_n.jpg
486791199_1183840037083962_219498570124657036_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта президенттинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратынын ачылышына катышты.

“Учкун” имаратында жайгашкан жаңы офисте ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 175 адис үчүн ачык жумушчу зонасы, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, душ, намазкана жана стол тенниси үчүн залы бар.

Мамлекет башчысына учурда “Кызмат” мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды.

“Түндүк” тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдагандай, жаңы онлайн-сервистерди киргизүү, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу, ачык-айкын жана оперативдүү кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүү боюнча келечектеги пландар менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров онлайн-кызматтардын спектрин кеңейтүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана жарандардын суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.