Президент Кыргызстандын жаңы Эмгек кодексине кол койду. Эмнелер өзгөрдү?

Президент Загрузка... 24 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW, президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол койду.

DST_7824.jpg

КР Эмгек кодекси кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө багытталган.

Кодекстин концепциясы менен төмөнкүлөр каралат:

– эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин шарттарынын тартибин жөнөкөйлөштүрүү (эмгек келишимин, эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);

– Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын санын кыскартуу;

– жаңы жылдык жана май айындагы каникулдарды белгилөө;

– дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө;

– кызматкер жумушта жаракат алган же каза болгон учурда бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бирдей өлчөмдөгү бир жолку компенсация төлөө;

– иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузган учурда 0,25 % өлчөмүндөгү айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө;

– эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтүн белгилөө – 3 жыл;

– мөөнөтү өтүп кеткен карызды төлөөдө пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу;

– тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге комбинацияланган аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн деген ченемди киргизүү;

– кош бойлуу аялдардын, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө;

– кесиптик стандарттардын негизинде аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталуучу сый акы;

– Эмгек кодексинен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуучу 7 беренени “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына которуу.