Ошто ур-токмоктон окуучу каза болду

Кырсык Загрузка... 13 Февраль 2025 10:20
dae649f63cc6dbe0.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-февралда Кара-Суу РИИБге Манас айыл аймагындагы Каратай айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу жыгылып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Териштирүү учурунда күбөлөр №39 орто мектептин окуучулары уруша кетип, 9-класстын окуучусу сабалып, эсин жоготуп кулап калгандыгын айтышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден-соолукка оор залал келтирүү") боюнча иш козголуп, тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 9-класстын окуучусун сабаган делип ошол эле мектептин Р.Н. аттуу 18 жаштагы окуучусу кармалган.

Шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.