Ошто турак үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды

Кырсык 2091 25 Февраль 2025 09:28
WhatsApp Image 2025-02-25 at 06.26.48.jpeg
481119543_1033671568805569_111035816665654957_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-25 at 06.26.48.jpeg
481119543_1033671568805569_111035816665654957_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Ошто турак үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Кара-Суу районунда бүгүн, 25-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Киров айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча өрт электр жылыткычтан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон.

Аты-жөнү такталууда.