Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга карата рейд жүрдү

1175 29 Январь 2025 10:33
474775501_607180815268385_2408495769872620657_n.jpg
474761165_607180921935041_1037778943256552289_n.jpg
474761202_607180821935051_4250157025292452792_n.jpg
474763914_607180825268384_7292836893821357345_n.jpg
Алдыга
Артка
474775501_607180815268385_2408495769872620657_n.jpg
474761165_607180921935041_1037778943256552289_n.jpg
474761202_607180821935051_4250157025292452792_n.jpg
474763914_607180825268384_7292836893821357345_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга карата ыкчам рейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) "Барс 2" тобунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүздү.

Рейд Кара-Суу районунун Тар-Жылга, Шут жана Кашка-Суу участкаларында ыкчам рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аң-уулоо эрежелерин бузган жана тийиштүү уруксат кагаздары жок 3 жаран аныкталды.

Аталган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ылайык, 37 500 сом административдик айып салынды. Ошондой эле мыйзам бузууну алдын алуу жана аң-уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай рейддер өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жана экологиясын коргоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, мыйзамсыз аң-уулоону жана жаратылышты бузуу аракеттерин алдын алуу үчүн күчөтүлө берет.

Жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча маалымат алуу үчүн жарандарды Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына кайрылууга чакырабыз.