Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 19 адам эвакуацияланды

Кырсык Загрузка... 19 Февраль 2025 11:40
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 19 адам эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккандыгы кабарланган.

Маалым болгондоц, өрттү өчүрүүгө саат 09:08де Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, ыкчам түрдө куткаруучулар 19 кишини эвакуациялашкан.

Жабыркагандар жок.

Өрт саат 10:48де толук өчүрүлдү.