Ошто катуу жер титирөөгө каршы куткаруу машыгуусу өтүүдө

Аймак 23 сентябрь 2026 12:35
1.jpg
799274713_2525696511276886_3290530926067975943_n.jpg
797648631_2022908401709932_1123065905725247706_n.jpg
800514449_1092386390047173_233113558213367622_n.jpg
815018543_1672337810976893_2314357508045352638_n.jpg
818599023_1065396702778040_1528741765171408198_n.jpg
819040963_1120390020467127_4923782419437971307_n.jpg
819684570_1057540550480475_7951974611738248897_n.jpg
820131531_1739616527257649_6052409118445668737_n.jpg
р.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн даярдыгын текшерүүгө багытталган республикалык командалык-штабдык машыгууну баштады.

Ведомствонун маалыматына караганда, машыгуу 23-25-сентябрда өтүп, катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу сценарийи боюнча жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө урандылардын алдында калган жарандарды издөө жана куткаруу, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү, зыяндуу заттарды залалсыздандыруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык иштер аткарылат.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматтардын өз ара аракеттенүүсү, атайын техника колдонуу жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмү текшерилет.

Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда.