Ошто 3 медициналык мекеме текшерилип, 28 пункттан турган эскертме берилди - ӨКМ

Аймак 21 Февраль 2025 15:43
481238664_1030915349081191_8362054386331401231_n.jpg
480483303_1030915205747872_396830503851069591_n.jpg
480609971_1030915129081213_5790664135526244499_n.jpg
Алдыга
Артка
481238664_1030915349081191_8362054386331401231_n.jpg
480483303_1030915205747872_396830503851069591_n.jpg
480609971_1030915129081213_5790664135526244499_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Ошто 3 медициналык мекеме текшерилип, 28 пункттан турган эскертме берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өрт коопсуздугу боюнча пландан сырткары текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган медициналык мекемелерде жалпы 28 пункттан турган бузуулар аныкталды.

Алсак, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда өткөн 2024-жылы февраль айында 12 бузуу аныкталып, жыйынтыгында “Бузуулар кодексинин” 143-беренсене ылайык 23 миң сом айып пул салынган.

Ал эми, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2024-жылдын 1-февраль күнү ӨКМ пландык текшерүү жүргүзүп, 12 пункттан турган бузууларды аныкташкан. Ал эми 2024-жылдын 13-мартында контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында 13 000 миң сом айып пул салынган.

Белгилей кетсек, ушул эле мекеменин жетекчилик администрациясында 2024-жылдын 6-январь күнү электр шайманынан өрт чыгып, тилсиз жоодон имарат толук күйгөн.

Ал эми бүгүнкү текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда 9 пункттан турган бузуулар, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 9 пункттан турган бузуулар жана Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 10 пункттан турган бузуулар аныкталды.

Эске салсак, кемчиликтерди жоюуга берилген 30 күнгө чейин убакытта аныкталган бузуулар аткарылбаса, 23 миң сом айып пул салынат.