Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жолдор кеңейтилип, тротуар курулат

Аймак Загрузка... 02 Апрель 2025 11:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы жол кеңейтилип, тротуар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү рейддик кыдыруусу Төлөйкөн айылында уланып, ал айылдын көчөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Кыдыруунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга Ж. Мамытов жана Т.Ражапов көчөлөрүн кеңейтүү максатында жергиликтүү тургундар арасында кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле сел өтүүчү каналдардын боюна өз билемдик менен курулган объектилерди алып салуу менен бирге жыш өскөн бадалдардан, таштандылардан арылуу тапшырмасын жүктөдү.

Мындан сырткары, айыл жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жаңы фельдшердик-акушердик пункттунун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтүлөт.