Ош шаарында Agro EXPO-2025 көргөзмөсү өтүүдө

Аймак Загрузка... 03 Март 2025 15:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Ош облусунда Agro EXPO-2025 көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чара Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти тарабынан Agro Union ассоциациясы менен биргеликте убштурулган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөгө алдыңкы агрардык компаниялар, фермерлер, айыл чарба продукцияларын жана техникаларын өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор катышууда.

Инновациялык технологиялар, санариптик чечимдер, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгындагы жаңылыктар сунушталууда.

Өндүрүштүк стенддер ачылып, аларда - продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр, презентациялар демонстрацияланып, ишкердик жолугушуулар өтүп жатат.

Ишкердик программада – эксперттердин баяндамалары, айыл чарбасынын келечеги жана кызматташтык боюнча талкуулар каралган.

Белгиленгендей, өргөзмө 4-мартка чейин уланат.