Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Ош шаарында 3 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, эски гараждар бузулгандан кийин Исанов көчөсүндөгү 2,8 гектар жерге 3 кабаттуу 156 орундуу унаа токтотуучу жай куруу жана көрктөндүрүү боюнча алдын ала долбоору иштелип чыккан.
Маалым болгондой, алдын ала долбоор Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.