Ош: Папанда үч көчө асфальтталып, пайдаланууга берилди

Аймак 18 Июнь 2025 16:00
506484188_122173522148368081_2171605822102418891_n.jpg
506475555_122173522184368081_5314728667133154583_n.jpg
506476746_122173522700368081_6406207555272641341_n.jpg
506481845_122173522436368081_8096904864217898374_n.jpg
506493406_122173522400368081_4633546575756391902_n.jpg
507052224_122173522658368081_3466040003180426997_n.jpg
508160789_122173522544368081_532190220261858619_n.jpg
508183850_122173522640368081_3839553114021915189_n.jpg
508687996_122173522628368081_4578550035044362127_n.jpg
509143324_122173522526368081_3052026326823846527_n.jpg
509157872_122173522226368081_1535116677903037384_n.jpg
509357646_122173522358368081_4133350994557932346_n.jpg
509365243_122173522136368081_854498547115347838_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында үч көчө асфальтталып, колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, район акими жана жергиликтүү тургундар катышты.

Биринчиси, – Алчалуу айылындагы Таштанов Абдыманап атындагы ички көчө. Жолдун жалпы узундугу 3 118 метр, туурасы 4,5 метр. Бул иштер май айында башталып, республикалык бюджеттен 22 млн 150 миң сом каражат бөлүнгөн.

Экинчиси – "Папан Турук" коомдук фонду тарабынан Күндөлүк айылында жол асфальтталды. Жолдун узундугу 1,5 чакырым, асфальттын калыңдыгы 14 см болуп, жалпы сметалык баасы 16 млн 100 миң сомду түздү.

Үчүнчүсү – Ак-Терек – Папан – Кожо-Келен унаа жолунун 72–74-чакырым аралыгындагы 2 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул долбоор Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы 16 млн 297 миң 395 сом каражат жумшалды. Жолдун туурасы 6 метр, асфальттын калыңдыгы 13 см.