Бишкек, 12.02.25. / Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бүгүн, 12-февралда Кара-Суу районунун Папан айыл аймагын күтүүсүздөн текшерди.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси барган учурда айыл аймактын башчысы менен орун басары иш ордунда жок болуп чыкты. Элчибек Жантаев айыл өкмөттүн кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнө баш багып, адистер менен баарлашып, өздөрүнүн тармактары боюнча аткарып жаткан иштеринен маалымат алды.
Андан соң жалпы кызматкерлер менен чакан жыйын өткөрүп, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн татыктуу иш алып баруу зарылдыгын эскертип, жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.