Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Ош облусунда 2026-жылы жалпысынан 500 чакырым жолду асфальттоо пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Анын ичинде Араван районунда республикалык бюджеттин эсебинен 80,8 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.
Буга чейин Ноокат – Араван – Дөбө-Коргон багытындагы 6,4 чакырым, Партсъезд – Ленин багытындагы 4 чакырым жана Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон багытындагы 8,1 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилген.
Мындан тышкары, Араван районунда дагы асфальттоо иштери аяктаган жолдор пайдаланууга берилүүдө. Пландалган жол курулуш иштерин жыл аягына чейин толук бүтүрүү күтүлүүдө.