Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Ош облусунда жаңы окуу жылында мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облус аймагында жайгашкан 530 мектепте жаңы окуу жылы башталды.
Мектептерде уюштурулган салтанаттуу иш-чарада 800дөн ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздашууда.
Тартип сакчылары майрамдык иш-чара учурунда окуучулардын коопсуздугун жана жолго жакын жайгашкан мектептердин айланасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барышты.
"Майрамдык салтанаттарда эч кандай тартип бузуулар жана одоно түрдө мыйзам бузуулар катталган жок", - деп белгилешти облустук милициядан.
Эске салсак, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мектептерде ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш алып барышууда.