Алгачкы жолу “Ош акварели” аттуу ири көргөзмө ачылат

Маданият 7 октябрь 2026 10:45
Алгачкы жолу “Ош акварели” аттуу ири көргөзмө ачылат
copyright icon ЖИ

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. 8-октябрда Ош шаарында “Ош акварели” көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде өтө турган көргөзмөгө 33 автордун 90го жакын акварель эмгеги коюлат.

Экспозицияда совет доорунан бүгүнкү күнгө чейин жаралган чыгармалар, анын ичинде музейдин фондунда сакталган эмгектер да көрсөтүлөт. Көргөзмөгө Ош, Араван, Манас, Баткен, Гүлчө, Кербен жана Ташкенттен келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Көргөзмө Ош шаарындагы акварель искусствосуна арналган алгачкы атайын иш-чара болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылышы менен катар заманбап искусствого арналган көргөзмөлөр, перформанстар, семинарлар жана талкуулар да уюштурулат.