Орунбеков: Бажы кызматы 2024-жылы белгиленген планды 2 млрд 85 млн сомго ашык аткарды

Экономика Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Бажы кызматы 123 миллиард 85 миллион сом чогултуп, планды 2 миллиард 85 миллион сомго ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылы 123 миллиард 85 миллион сомдон ашык киреше чогултуп, белгиленген 121 миллиард сом планды 101,7%га ашыгы менен аткарды. Тактап айтканда болжолдонгон суммадан 2 миллиард 85 миллион сомго көп чогултту.

Бажы төлөмдөрүнөн кайсы жылы канча чогулганын учкай токтолсок,

  • 2015-жылы 32 миллард сом.
  • 2016-жылы 29,3 миллард сом.
  • 2020-жылы 28,9 миллард сом
  • 2021-жылы 46,9 миллард сом.
  • 2022-жылы 74,3 миллард сом.
  • 2023-жылы 111,5 миллиард сом.
  • 2024-жылы 123 миллиард 85 миллион сом.

"Мындай ийгиликтерге жетишүүдө бажы тармагындагы айкындуулукту камсыздоо, коррупцияны жоюу жана санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштер чоң роль ойноду. Бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү.

Мурда, 2010-2020-жылдар аралыгында, бажы төлөмдөрүнөн түшкөн киреше жылына 20-30 миллиард сомду гана түзгөн. Бул тармакта ири коррупциялык схемалар болгону, аны кызыктар топтор уюштуруп, киреше мамлекетке эмес, жеке тараптарга кеткени боюнча көп далилдер болгону элге маалым.

Президент Садыр Жапаров системдүү тамыр жайган коррупциялык схемаларды токтотуп, бажы тармагын катуу көзөмөлгө алды.

Ал: “Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт”, - деп баса белгилеген.

Санариптештирүү жаатында да олуттуу кадамдар жасалды. Президент Садыр Жапаров: “Санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди”, - деп белгилеп, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан.

Жыйынтыгында, бажы тармагындагы айкындуулук жана санариптештирүү коррупциянын азайышына алып келип, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин олуттуу өсүшүнө шарт түздү",-деп жазды ал.