Рамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт

01 Март 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.36.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.38 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.36 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.36 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-28 at 16.15.36 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 01.03.25. /Кабар/. Рамазан айында мечиттердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу онлайн кеңешмеде айтылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков кеңешмеде Рамазан айында жол инспекторлору мечиттердин айланасында жол коопсуздугун камсыздоосун, тагыраагы жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин жанында жол тыгындарын жөнгө салуу боюнча иш мерчемдерди түзүп, коопсуздукту күчөтүү тапшырмаларын койду.

Ошондой эле жыйында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана Мониторинг борборунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, “Техникалык абал” , “Коомдук транспорт” , “Караңгылатуу”, “Үйрөтүүчү транспорт” аталышындагы рейддердин жыйынтыгына жараша көрсөткүчтөрү аз болгон жетекчилердин жоопкерчилиги да каралды.