Омск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 20:14
04_omsk2020.jpg
copyright icon www

Бишкек, 11.02.25. / Кабар/. Россиянын Омск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу диаспоралык уюмдары менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Белгиленгендей, 2025-жылы Омск Облустук “Кыргызстандыктардын кызматташтыгы” коомдук уюмунун башчысы Акимбек Асановдун көмөгү жана Омск шаарынын мэриясынын колдоосу менен Омск шаарынын Совет административдик округунун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу пландалууда.

Тиешелүү чечимди Омск шаарынын мэриясы кабыл алды.