Нурланбек Тургунбек уулу: Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда мигранттардын укугу эске алынат

Жогорку Кеңеш 3910 20 Март 2025 14:47
migrant.jpg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 11.43.12.jpeg
Алдыга
Артка
migrant.jpg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 11.43.12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу толук эске алынат. Бул тууралуу Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Москва, Санкт-Петербург, Чикаго өңдүү кыргызстандыктар көп жүргөн башка өлкөлөрдүн шаарларында сөзсүз шайлоо участкалары ачылат.

“Ал участкаларда бардык шайлоо округдарынын жана аттанган талапкерлердин тизмеси болот. Мекендештерибиз шайлоо тилкесине келип, паспорту аркылуу катталган округу боюнча каалаган талапкерине добуш бере алат. Мисалы, Тоңдо каттоодо турса, Чикагодо туруп эле ошол округдагы талапкерди тандайт”, – деди ал.

Ошондой эле ал мурдагы шайлоолордо чет жердеги мекендештердин добуш берүүгө катышуусу өтө төмөн болуп келгенин белгиледи.

“Буга шайлоо участкасындагы каттоосу жоктугу негизги себеп болчу. Натыйжада 30 миңден ашуун шайлоочунун ичинен ашып кетсе бир жарым, эки миңдей гана шайлоочу добуш берчү. Эми ошону жөнөкөйлөштүрүп жатабыз”, – деди төрага.