Нурдан Орунтаев курулуш объектилериндеги коопсуздукту текшерди

Коом Загрузка... 21 Май 2025 12:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги бир катар курулуш объектилерине күтүүсүз текшерүү жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн максаты курулуш ишмердүүлүгүндө коопсуздук эрежелеринин сакталышын, уруксат берүүчү документтердин бар-жогун жана нормалык стандарттардын аткарылышын текшерүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар курулуш компанияларынын курулуш объектилеринде коопсуздук талаптары одоно бузулганы аныкталып,тиешелүү компанияларга айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.

Мындан тышкары, уруксат кагаздарында мыйзам бузууларга жол берген айрым компаниялардын документтери комиссиялык кароого жөнөтүлдү.

Нурдан Орунтаев белгилегендей, мындай текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп, курулуш тармагында мыйзамдуулуктун жана коопсуздуктун сакталышы мамлекеттик негизги артыкчылыктардын бири бойдон калат.