Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Күн мурун Ноокен районунда өрттөн жабыркаган эки турак жайдын ээлерине камсыздандыруу каражаттарынын сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага президенттин өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Марат Кудайбергенов, Ноокен районунун акиминин орун басары Зияда Юлдашева катышты.
Жабыркаган жарандарга тиешелүүлүгүнө жараша 145 820 сом жана 250 737 сом өлчөмүндө акча каражаттарынын сертификаттары ыйгарылды.
Урматбек Самаев, бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыктары жана күтүүсүз жагдайлар катталып жаткан мезгилде турак жайды камсыздандыруу — ар бир жаран үчүн маанилүү жана зарыл коргонуу чараларынын бири экенин белгиледи. Камсыздандыруу аркылуу жарандар өз мүлкүн күтүүсүз жоготуулардан коргоп, материалдык чыгымдардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу турак жайларды камсыздандыруу боюнча өлкөдө биринчи орунда турат. 2025-жылдын алты айында облуста жалпы 25 363 турак жай камсыздандырылган, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 021 турак жайга көп.
Ошондой эле камсыздандыруу уюму 2024-жылдын ичинде жабыркаган үй-бүлөлөргө жалпы 7 миллион сомдон ашуун акча каражатын төлөп берген.