Бишкек 28.03.25 /Бишкек/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргызстандыктарды турак-жайларды камсыздандырууга чакырат. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
"Бүгүн түнү Кыргызстан жер титирөөнүн күчүн сезди, бул биздин үйлөрүбүздү коргоонун маанилүүлүгүн эскерткен тынчсыздандырган нерсе болду. Турак жайды камсыздандыруу — бул табигый кырсыктар же башка күтүлбөгөн кырдаалдар болсо, сизге керектүү жардамды жана колдоону алуу кепилдиги”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму расмий, ачык-айкын жана ишенимдүү түрдө камсыздандырууну камсыз кылып, төлөмдөргө кепилдик берери белгиленген.
Эске салсак, турак жайды камсыздандыруу МКУнун өлкө боюнча бардык аймактарындагы филиалдарында жүргүзүлөт.