Ноокендеги 150 орундуу жаңы мектеп колдонууга берилди

Аймак 7 сентябрь 2026 11:35
Ноокендеги 150 орундуу жаңы мектеп колдонууга берилди
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп бүтүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даяр.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоордун жалпы наркы 90,6 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

"Эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары компьютердик класс, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Мектептин курулушу 2024-жылдын июль айында башталган",-деп айтылат маалыматта.