Нарын облусунда мамлекетке кайтарылган объектилерди жаңы нукта ишке киргизүү пландалууда

Аймак Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Нарын облусундагы мамлекеттин балансына кайтарылып алынган объектилерди жаңыча ишке киргизүү аракеттери көрүлөт.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облустун аймагындагы 14 мүлк мамлекеттин балансына кайтарылып алынган. Алардын катарында Жумгал районунун Чаек айылындагы кирпич заводу жана Жаманталаа участогунда дарылык касиети бар ысык суу чыккан объект бар.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жумгал районунун Чаек айыл аймагына караштуу Жаманталаа участогунда дарылык касиети бар ысык суу чыккан объекттин жана Чаек айылындагы кирпич заводунун абалы менен таанышты.

Белгиленгендей, ысык суунун дарылык касиети клиникалык негиздемелер менен далилденген.

"Аталган объект түндүк-түштүк альтернативдик жолунун боюнда болгондуктан, перспективасы жогору. Учурда имарат оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул жерге ден соолукту чыңдоочу санаторий салуу мүмкүнчүлүгү каралат",-деди Эргешов.

Ошондой эле ысык суу чыккан аймакта 1991-жылы курулган бир кабаттуу имарат жайгашканы кошумчаланып, көп жылдан бери кароосуз калганына байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилгени айтылды.

Акыркы жылдары бул имаратты кароого алып, иштетип келген Насипа Самудинованын айтымында, лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде суу 42-54 градуска чейин ысып чыгат. Курамында 220 компонент бар экени аныкталган. Бул суу - тери, муун ооруларына, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Сууну дарылыкка ашказан, боор ооруларына дагы ичкенге болот.

Ал эми, союз убагында салынган кирпич заводу учурда жараксыз абалга келген. Кирпич завод 2 млн кирпич чыгарган учурда гана киреше алып келе турган ишкана болоору белгиленип, долбоорлорду комплекстүү карап чыгып, абалын талдаган соң тийиштүү чечимдер чыгарылары айтылды.

Белгилей кетсек, облус жетекчиси А.Эргешов бул объектилерди ишке киргизүү үчүн көп каражат талап кылынарын билдирди.