Нарын: Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Аймак 03 Апрель 2025 17:48
488599689_972131038428976_4794576439364327538_n.jpg
488601375_972131025095644_1058553419676034775_n.jpg
488989637_972131035095643_1335569676239010080_n.jpg
489100254_972131435095603_8966571556900389771_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда № 20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 33-100-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткүнү тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал үчүн жеринде 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер иштеп жатат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Ат-Башы - Кында - Торугарт жолундагы Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге чейин жабык болот.