Өздүк өндүрүш. Нарындагы темир-бетон цехи аймакты мамычалар менен камсыздай баштады​

Аймак Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Нарын электр тармактар ​​ишканасы өзүнүн цехинде даярдалган темир-бетон таянычтарын аймактарга жеткире баштады.

Мекемеден билдиришкендей, темир-бетон цехи ачылгандан бери Ак-Талаа, Кочкор жана Нарын райондук электр тармактарына 300 даана темир-бетон мамычалар жеткирилди. Учурда жогорку сапатта ​​даярдалган жана бардык талаптарга жооп берген тирөөчтөрдү Жумгал районуна жүктөө иштери жүрүп жатат, бул айда жалпысынан 110 тирөөчтү алып келүү пландалууда.

Белгиленгендей, цех саатына 35 м³ бетон аралашмасын автоматтык түрдө даярдай турган заманбап жана жогорку өндүрүмдүү жабдуулар менен жабдылган. 2025-жылга карата иш планына ылайык, учурда жылына 1500 даана, орто эсеп менен айына 120 даана таяныч чыгарылып, келечекте өндүрүштү көбөйтүү пландалууда.

Мурда башка заводдордо чыгарылган бир мамычанын баасы жеткирүүнү кошкондо 11-12 миң сомду түзсө, бул цехте чыгарылган СВ-95 жана СВ-105 моделдеринин бир мамычанын баасы орто эсеп менен 8-9 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган цех 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата ачылып, пайдаланууга берилген.

"Нарын электр тармактар ​​ишканасы калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо багытында тынымсыз иш алып барууда",-деп айтылат маалыматта.