Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмундагы өлкөлөрдү жалпы тарых, маданият, тил, каада-салттар жана диний баалуулуктар байланыштырат Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирди.
Aзертаж агенттигинин маалыматы боюнча, башкы катчы уюмдун алкагындагы кызматташуу ар кандай механизмдер жана платформалар аркылуу ишке ашырыларын белгиледи. Ал бул кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири — соода жана инвестиция жана экономикалык чөйрө экенин айтты.
Өмүралиев бул процессте аналитикалык борборлордун ишмердүүлүгү да маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.