Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча Чүй облусунун Москва районундагы «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы «жер мафиясынын» ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д. М. Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А. А. К. жана КР прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери У.Р.М. менен биргеликте материалдык жактан байуу максатында Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жеке турак жай салууга арналган жер участокторун сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.
Коррупциялык иш-аракеттерин болтуруу максатында, жогорудагы аталган кылмыштуу топ жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоолорду киргизүү жана тиешелүү адистерин кол мөөрлөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган.
Мындан тышкары, аталган топтун майыптыгы бар жарандарды коркутуу жолдору менен, алардын аттарына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттоо боюнча кылмыштуу иштери аныкталган.
Кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция», «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын ТКЖ киргизилген.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.