Бүгүндөн тарта таштанды чыгарууга тоскоолдук жараткан унаалар массалык түрдө эвакуацияланат

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 12:07
1053821467_0_106_1280_827_1920x0_8.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкекте таштанды чыгарууга тоскоолдук жараткан унаалар массалык түрдө эвакуацияланат.

Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын унаалары катуу тиричилик таштандыларын саат 00:00дөн 06:00гө чейин чыгарышат. Күндүзү унаалардын көптүгүнөн таштандыларды чыгаруу өтө кыйын.

Унаасын контейнерлердин жанына таштап кеткен айдоочулардын көбүнүн жоопкерчиликсиз мамилеси таштандыларды өз убагында ташып чыгууга тоскоол болууда.

"Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, унааларды контейнердик жайлардын жанына коюуга тыюу салынганын эскертебиз. Бул атайын унаалардын таштанды челектерине өтүүсүнө жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча ташып чыгууга бөгөт коюуда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таштандыларды саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгарууга чакырат», - деп айтылат маалыматта.