Мэрия эскертет: "Бишкек Аренага" акысыз шаттл-автобустар каттайт

Коом 25 Август 2026 15:30
1787574448_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине билет сатып алган же чакыруу алган көрүүчүлөр "Бишкек Аренага" чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы эскертет.

Шаттл-автобустар шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 багыттагы токтоо жайынан каттайт. Көрүүчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун алдын ала тандап, салтанат өтүүчү жерге акысыз транспорт менен баруу сунушталат.

Иш-чара аяктагандан кийин шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү кайра жеткирип барат.

Бишкек шаарынын мэриясы кайтууда алгачкы отурган жерине туура келген маршрутту пайдаланууну сунуштайт.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  5. Ак-Кула автобекети - Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  7. Тунгуч кичи районунун акыркы аялдамасы, 64/1;
  8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод)
  9. Жибек жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Globus);
  13. Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
  14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЭПО-2);
  17. Москва көчөсү, 239, 4-электр автобустарынын (ДЭПО-1) акыркы бекети;
  18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
  19. Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.